Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
22 Май 2025 ж. 17:54
Көрүлдү: 385
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы №693 “Калктын социалдык аялуу катмарындагы, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдөгү, ошондой эле Баткен облусунун чек арага жакын райондорунда, Кыргыз Республикасынын жетүүгө кыйын жана бийик тоолуу, алыскы райондорунда жашаган балдарга берилүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттоо тартиби жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз Респуликасынын Билим берүү жана илим министрлиги пилоттук аймактарда маалыматтык-түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүүдө.
Бүгүн Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов району боюнча администрациясында социалдык маселелер боюнча башчысынын орун басарынын, Билим берүү жана илим министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана аймактык башкармалыктардын жетекчилеринин катышуусунда ата-энелер, мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөткөн жеке ишкерлер менен жолугушуу болуп өттү.