Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
22 Май 2025 ж. 16:15
Көрүлдү: 310
Буга чейин 2025 – 2026-окуу жылына карата Бишкек шаарындагы бир катар жалпы билим берүү уюмдарында 1- жана 2-класстар үчүн кошумча орундар 2025-жылдын 23-майында ачылары тууралуу маалымат жарыяланган.
2025-жылдын 23-майында Бишкек шаарындагы №29 мектепте гана текшерүүнүн жыйынтыгында бошогон орундар ачылат. Ал эми башка мектептер боюнча Бишкек шаардык мэриясы жана Билим берүү департаменти тарабынан кошумча квоталар жана так мөөнөттөр тууралуу маалыматтар такталып жатат.
Жарандардан ыйгарым укуктуу мамлекеттик жана муниципалдык органдардын расмий булактарындагы кошумча маалыматка көз салып турууну жана анык маалыматты гана эске алууну суранабыз.
Ыктымалдуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнгөнүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз.