Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевдин билим берүү тармагындагы ар кандай маселелер менен келген жарандарды министрликтин жетекчилиги тарабынан жеке кабыл алууну уюштуруу максатында буйругу чыкты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
28 Февраль 2023 ж. 16:40 1975
Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев жогорку окуу жайлардын журналистика факультетинин декандары жана министрликтин ведомстволук мекемелеринин жетекчилери менен жолукту.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
28 Февраль 2023 ж. 15:06 1138
Биздин жогорку окуу жайлар 2030-2040-жылдары актуалдуу боло турган эң маанилүү он кесиптен бир-экөөнү гана даярдайт. Алсак, чакан ГЭСти долбоорлой турган адис жок. Бул багытта бир дагы адис даярдабаптырбыз. Ошондуктан бардык окуу жайлар артыкчылыктуу тармактарды тандап, ал боюнча адистерди даярдоо керек. Бул тууралуу бүгүн билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев өзгөчө макам алган жогорку окуу жайлардын ректорлору менен болгон жолугушууда.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
27 Февраль 2023 ж. 19:32 918
“Өзгөчө макам алган жогорку окуу жайлар күздө жыйынтыктарды берип башташы керек. Азыр өзгөчө макам алган окуу жайларга талап катуу. Бирок аткарылып жаткан иштерге бир жыл өтмөйүнчө баа берүү кыйын. Анткени азыр силерде кайра түзүү, уюштуруу иштери жүрүп жатат. Бирок силер башталган иштин аягына чыгарышыңар керек. Күздө беш университет боюнча рейтинг кылабыз”, - деп билдирди билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев өзгөчө макам алган жогорку окуу жайлардын ректорлору менен болгон жолугушууда.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
27 Февраль 2023 ж. 19:30 1824
Бүгүн, 27-февралда билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өткөн жыйында билим берүүдөгү приоритеттүү багыттарды атады.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
27 Февраль 2023 ж. 18:59 2066
Бүгүн, 27-февралда билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында сөз сүйлөдү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
27 Февраль 2023 ж. 12:01 1727
“Билим берүү жана илим тармагы - мамлекеттин келечегин аныктаган стратегиялык маанилүү жана өтө жооптуу тармак. Бул тармактын көйгөйлөрү каражат бөлүү менен эле чечилбей тургандыгы түшүнүктүү, ал үчүн комплекстүү иш-аракеттерди жасоо зарыл”, - деп билдирди Садыр Жапаров. Бүгүн, 25-февралда Президент билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевди кабыл алды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
25 Февраль 2023 ж. 16:15 936
Бүгүн, 24-февралда “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда Эне тил күнүнө карата жарыяланган айлыкты жыйынтыктоочу салтанаттуу иш-чара өттү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
24 Февраль 2023 ж. 18:12 2073
Бүгүн, 24-февралда Иманалиев Каныбек Капашович билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
24 Февраль 2023 ж. 15:08 2218
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 16-февралындагы ПЖ № 26 “Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө илимдин салымын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгы 21-февралда күчүнө кирди.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
24 Февраль 2023 ж. 14:07 2195
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-класстары үчүн жаңы предметтик стандарттар боюнча окуу-методикалык комплекстердин макеттерин кабыл ала баштайт.
Автор: Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору
24 Февраль 2023 ж. 13:29 1863
2023-2024-окуу жылында Россиянын жогорку окуу жайларында федералдык бюджеттин эсебинен окуу үчүн документтерди кабыл алуу 2023-жылдын 20-мартына чейин узартылды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
24 Февраль 2023 ж. 9:36 1643
21-февралда билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында илимий конференцияда баяндама жасады.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
22 Февраль 2023 ж. 17:55 1028
2023-жылдын 22-февралынан тартып Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын улуттук рейтингин өткөрүүгө талапкер уюмдарды тандап баштайт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
22 Февраль 2023 ж. 14:28 865
20-февралдан 22-февралга чейин кесиптик лицейлердин кызматкерлери үчүн “Санариптик сабаттуулук” семинары өткөрүлдү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
22 Февраль 2023 ж. 12:02 903