КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: “ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАР АРТЫКЧЫЛЫКТУУ ТАРМАКТАР БОЮНЧА АДИСТЕРДИ ДАЯРДАП ЧЫГЫШЫ КЕРЕК”

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

27 Февраль 2023 ж. 19:32

Көрүлдү: 489

Биздин жогорку окуу жайлар 2030-2040-жылдары актуалдуу боло турган эң маанилүү он кесиптен бир-экөөнү гана даярдайт. Алсак, чакан ГЭСти долбоорлой турган адис жок. Бул багытта бир дагы адис даярдабаптырбыз. Ошондуктан бардык окуу жайлар артыкчылыктуу тармактарды тандап, ал боюнча адистерди даярдоо керек. Бул тууралуу бүгүн билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев өзгөчө макам алган жогорку окуу жайлардын ректорлору менен болгон жолугушууда.

post.title

Министрдин айтымында, виртуалдуу реалдуулуктун дизайнери деген адистикти бир дагы жогорку окуу жай даярдабайт. 

“Биз отуз жылдан кийин кайра эле Казакстан, Россиядан бул багыттагы адистерди чакырып отурбашыбыз керек. Буга алдын-ала даярдык көрүү зарыл. Мындан сырткары  нейропсихолог, иштеп чыгуучу программист, гиперкоопсуздук боюнча адис деген сыяктуу кесиптерди дагы даярдоо зарыл”, - деди Каныбек Иманалиев.


 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар