ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН СОЦИАЛДЫК САЯСАТ БОЮНЧА КОМИТЕТИ КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВДИН МИНИСТРДИН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРЛИГИН ЖАКТЫРДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

27 Февраль 2023 ж. 12:01

Көрүлдү: 937

Бүгүн, 27-февралда билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында сөз сүйлөдү.

post.title

Комитет мүчөлөрү билим берүү тармагындагы натыйжалуу чараларды талап кылган бир катар маселелерге көңүл бурушту. Каныбек Иманалиев депутаттардын суроолоруна жооп берип, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу пландары тууралуу айтып берди.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү Каныбек Иманалиевдин билим берүү жана илим министри кызматына талапкерлигин жактырышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар