ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ: “МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК ДАЯРДЫГЫНА ӨЗГӨЧӨ КӨҢҮЛ БУРУУ ЗАРЫЛ”

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

25 Февраль 2023 ж. 16:15

Көрүлдү: 557

“Билим берүү жана илим тармагы - мамлекеттин келечегин аныктаган стратегиялык маанилүү жана өтө жооптуу тармак. Бул тармактын көйгөйлөрү каражат бөлүү менен эле чечилбей тургандыгы түшүнүктүү, ал үчүн комплекстүү иш-аракеттерди жасоо зарыл”, - деп билдирди Садыр Жапаров. Бүгүн, 25-февралда Президент билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевди кабыл алды.

post.title

Президент белгилегендей, 2022-жылдын башында билим берүү жана илимди каржылоо маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, министрликтин бюджети 29 млрд сомдон 49 млрд сомго чейин көтөрүлгөн.

Мамлекет башчысы тарабынан илим жана билим чөйрөсүн өркүндөтүү боюнча бир катар конкреттүү милдеттер коюлуп, бул маселе боюнча артыкчылыктуу пландар жана милдеттер талкууланды.

Президент мугалимдердин кесиптик даярдыгына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, окуучулардын алган тарбиясы жана билими алардын квалификациясына жараша болорун айтты.

“Маалыматтык технологиялардын доорунда заманбап тенденцияларды ээрчүү маанилүү. Ошондой эле мугалимдерди окутуу ыкмалары реалдуулукка шайкеш келиши керек. Билим берүү системасы реформага муктаж”, - деди Президент Садыр Жапаров.

Министрдин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев Мамлекет башчыга билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн жакынкы пландары жана келечеги тууралуу маалымат берди. Ал билим берүү процесстеринин сапатын жогорулатууга багытталган Концепцияны жакынкы күндөрү сунуштай турганын билдирди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар