КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ПЕДАГОГДОРУ ОКУТУУНУН ЭЛЕКТРОНДУК ПЛАТФОРМАЛАРЫН ҮЙРӨНҮҮДӨ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

22 Февраль 2023 ж. 12:02

Көрүлдү: 473

20-февралдан 22-февралга чейин кесиптик лицейлердин кызматкерлери үчүн “Санариптик сабаттуулук” семинары өткөрүлдү.

post.title

Семинардын катышуучулары Learning Management System, AcademyInAQA платформасы, тесттерди даярдоо үчүн Canva, Prezi, Powtoon, Chat GPT сыяктуу программалык камсыздоо электрондук окутуу системалары менен иштөөнү үйрөнүштү.

Семинардын аягында кесиптик лицейлердин кызматкерлери жаштардын санариптик, коммуникациялык жана кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө негиз түзөөрү күтүлүүдө.

Окууну ийгиликтүү аяктаган катышуучулар ментордун сертификатын алышат.

Семинар Европа Биримдигинин тышкы ишмердүүлүк программасы жана Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү тарабынан каржыланган E-Quality” — Социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик теңчилик үчүн санариптик билим берүү” долбоорунун алкагында уюштурулду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар