Автор: Аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмү (АЛБ)
10 Март 2026 ж. 16:12
Көрүлдү: 850
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жалпы билим берүүчү жеке менчик билим берүү уюмдарынын жана башталгыч кесиптик лицейлердин ишмердүүлүгүнө лицензиялык контроль жүргүзүүнүн тартибин иштеп чыкты.
Тартипте лицензиялык контроль жүргүзүүнүн максаттары, милдеттери, принциптери, ошондой эле пландуу жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жол-жоболору аныкталган.
Ошондой эле документте билим берүү уюмдарын текшерүүнүн мөөнөттөрү, контролдун жыйынтыктарын тариздөө тартиби, тараптардын укуктары жана милдеттери, мыйзам бузууларды жоюу механизмдери жана лицензиялык талаптар аткарылбаган учурда колдонулуучу чаралар каралган.
Бул тартип билим берүү уюмдарынын ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун камсыз кылууга, мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарын сактоого жана билим берүү процессинде коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган.
- Лицензиялык контроль жүргүзүүнүн тартиби
- “Лицензиялоо” автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу билим берүү ишин лицензиялоо тартиби
- 2026-жылга карата пландуу лицензиялык контролдоо планы