Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
КОЛЛЕДЖДЕРДЕ ОКУТУУНУН ЖАҢЫ ЫКМАЛАРЫ ЖАЙЫЛТЫЛУУДА

Көрүлдү: 694

2022-жылдын 17-октябрынан 19-октябрына чейин колледждердин окутуучулары жана өндүрүштүк окутуунун мастерлери үчүн «Компетенциялар негизинде окутуу жана иш ордунда окутуу» темасында практикалык тренинг өткөрүлүүдө.

post.title

Бишкек авто-жол колледжи, Бишкек агро-экономикалык колледж, Бишкек архитектура жана курулуштагы менеджмент колледжи, Бишкек техникалык колледж, Бишкек музыкалык-педагогикалык колледж, Каракол педагогикалык колледж, Нарын педагогикалык колледж, Политехникалык колледж, Талас агрардык-экономикалык колледжинин кызматкерлери компетенцияларды баалоонун ыкмаларын жана инструменттерин, компетенциялар негизинде жана кесиптик стандарттарды эске алуу менен билим берүү программасын иштеп чыгууну, иш ордунда окутууну өздөштүрүп жатышат.

Кесиптик орто билим берүүнүн максаттарынын бири бүтүрүүчүнүн эмгек рыногунун талаптарына жана Улуттук квалификациялар алкактарга ылайык кесиптик компетенцияларга ээ болуусу. Компетенциялар негизинде орто кесиптик билим берүү үчүн окутуу программалары “Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында иштелип чыккан. Алар мамлекеттик билим берүү стандарты катары бекитилип, окуу процессине киргизилген. Компетенциялар негизинде окутуу иш ордунда окутууну камтыйт, башкача айтканда, өндүрүштүк бөлүмдөрдө же окуу-өндүрүштүк комплекстерде милдеттүү практиканы камсыз кылат.

Эксперименталдык программалар 8 Алдыңкы тажрыйба борборлорунда ишке ашырылууда. Компетенциялар негизинде окутууну, иш ордунда окутууну республиканын колледждеринде кеңири жайылтуу максатында тренингге жаңы катышуучулар чакырылган.

Тренинг билим берүү жана илим министрлиги АӨБ колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоордун алкагында уюштурулган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар