Көрүлдү: 0
2022-жылдын 6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сайтына коомдук талкууга "2022-2023-окуу жылына кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарына окутууга кабыл алуу үчүн адистиктердин тизмегин жана бюджеттик орундардын санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору жарыяланды.
Токтомдун долбоору кесиптик орто окуу жайлар тарабынан келип түшкөн өтүнмөлөрдүн жана жумуш берүүчүлөр менен колледждер тарабынан түзүлгөн келишимдердин негизинде иштелип чыкты.
Азыркы учурда республикада 153 кесиптик орто окуу жайлары бар, алардын ичинен 48 мамлекеттик кесиптик орто окуу жайы республикалык бюджеттен каржыланат.
2022-2023-окуу жылына кесиптик орто окуу жайлары үчүн республикалык боюджеттен жалпы 4131 орун, анын ичинен КР Билим берүү жана илим министрлигине - 2309; КР Саламаттык сактоо министрлигине - 1335; КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине - 427; КР Транспорт жана коммуникация министрлигине - 60 орун каралды.
Эң көп бюджеттик орундарды төмөнкү адистиктерге бөлүү пландалууда:
Шилтемелер:
1. КР Министрлер кабинетинин сайты - https://www.gov.kg/ky/npa/s/3751
2. ЧУА долбоору - https://www.gov.kg/files/news/froala/07b07567b276d70ac1ce88c8a46b5232cadeff85.rar