Көрүлдү: 92
5-сентябрда Кант шаарындагы No25 кесиптик лицейде Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, министрдин орун басары Расул Абазбек уулу жана Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү Б.Өмүрзакова, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Эрмекбай Омошев жана Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев жаңыланган 9 колледж жана 10 кесиптик лицейдин онлайн бет ачар аземине катышты.
Билим берүү мекемелерин оңдоп-түзөө иштери Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен аткарылды.
Долбоор инклюзивдик кесиптик билим берүү системасын түзүүгө багытталган. Ал кесиптик-техникалык билим берүүнү башкарууну жана каржылоону күчөтүү, эмгек рыногунун талаптарына ылайык адистерди окутуу, кесиптик даярдоонун сапатын жана шарттарын жакшыртуу, тармактык кызматташттыкты кеңейтуу жана бүтүрүүчүлөрдүн ишкердик көндүмдөрүн енүктүрүү боюнча багыттарды камтыйт.