Көрүлдү: 0
Кызыл-Кыя тоо-техникалык инновация жана экономика Алдыңкы тажрыйба борборунда "Тигүүчү/бычмачы" кесиби боюнча 72 сааттык квалификацияны жогорулатуу курсу башталды.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы:Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында өтүүдө.
Курска Баткен облусунун кесиптик лицейлеринин окутуучулары жана өндүрүштүк окутуу устаттары катышууда.
Курстун катышуучулары аталган кесип боюнча бардык тиешелүү көндүмдөргө ээ болот.