Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Нарында валидациялоо жараяны ишке ашырылды

Көрүлдү: 0

15-июлда Нарын агро-экономикалык колледжинде “Жаныбарларды ветеринардык жактан кароо боюнча оператор” кесиби боюнча валидациялоо ишке ашырылды.

post.title

Иш-чара Билим берүү министрлиги тарабынан ишке ашырылган “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору жана министрликтин алдындагы “Сертификация жана валидация” борбору тарабынан уюштурулган.

Иш-чарага Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Соода-өнөр-жай палатасынын Нарын облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, иш берүүчүлөр, көз карандысыз байкоочулар ж.б.катышты.

Аталган кесипти өз алдынча үйрөнүп, бир топ жылдан бери иштеп жүргөн, бирок окубагандыктан, билими тууралуу документи жок 15 жарандын көндүмдөрүн атайын түзүлгөн комиссия сынады.

Жыйынтыгында, валидациянын бардык катышуучусу Кыргызстанда жана чет өлкөдө жумушка орношууда же иш ордун которгондо керек боло турган тиешелүү сертификатка ээ болду.

Комиссиянын курамы иш берүүчүлөр жана дасыккан устаттардан куралган.

Валидациялоо Билим берүү жана илим министрлигине караган өлкөдөгү 8 Алдыңкы тажрыйба борборунун базасында жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар