Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинде “4-разряддагы автомобилдерди оңдоочу слесарь” кесиби боюнча валидациялоо өттү

Көрүлдү: 0

Иш-чарага КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы:Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун менеджери Н.Атаканов, Сертификациялоо жана валидациялоо борборунун директору Ж.Шаматова, Жалал-Абад шаарынын мериясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы К.Шерматов, Жалал-Абад шаардык эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын калкты иш менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Э.Мамасалиева катышышты.

post.title

Жыйырма талапкердин ичинен 19 адам өзүнүн кесиптик көндүмдөрүн тастыктоо үчүн валидациялоодон өтүштү.
Иш-чарага Жалал-Абад областындагы 16  кесиптик лицейдин директорлору катышты.

Ушул тапта жумушчу кесиптерди валидациялоодон өткөрүү үчүн кесиптик лицейлердин базаларын колдонуу пландалып жатат.

Жалал-Абад областында валидациялоо биринчи жолу болуп жаткандыктан,  катышуучулардын жана коомчулуктун кызуусун туудурду. Жергиликтүү бийлик органдарынан келген өкүлдөр бул ишти дагы жайылтууну сунуштпр, өзгөчө айыл чарбасына керектүү кеисптер боюнча өтөрүү зарыл деп табышты.

Иш-чара “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун жана Сертификациялоо жана валидациялоо борбору тарабынан уюштурулган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар