Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Токмок шаарында валидациялоо болуп өттү

Көрүлдү: 0

2024-жылдын 8-июлунда К.Сурябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Токмок колледжинде. "4-разряддагы автомобилдерди оңдоо боюнча слесарь" кесиби боюнча кесиптик компетенцияларды валидациялоо жараяны болуп өттү.

post.title

Иш-чарага “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун менеджери Н.Атаканов, Сертификациялоо жана валидациялоо борборунун директору Ж.Шаматова, Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин Токмок шаары боюнча ишке орноштуруу бөлүмүнүн башчысы Д.Сүйүналиева, иш берүүчүлөр, көз карандысыз байкоочулар жана башкалар катышты.

Атайын түзүлгөн комиссия кесибин өз алдынча өздөштүргөн, бирок билими тууралуу документи жок 11 талапкердин иш билгилигине баа берди. Комиссиянын курамына иш берүүчүлөр жана квалификациялуу устаттар кирген. Жыйынтыгында, бардык талапкерлер тиешелүү сертификатка ээ болду.

Валидация жана сертификация кесиптик билими жок, бирок жетиштүү көндүмдөрү бар жарандарга чет өлкөдө же Кыргызстанда ишке кабыл алууда же жумуш ордун алмаштырууда зарыл болгон сертификатты алууга мүмкүндүк берет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар