Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Жалал-Абаддагы башталгыч жана орто билим берүү окуу жайлары окуу эмеректери менен камсыз болду

Көрүлдү: 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Азия Өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунун колледждери жана кесиптик лицейлери окуу эмеректери менен камсыз болду.

post.title

Тактап айтсак, Базар-Коргон шаарындагы №63-кесиптик лицейге жалпысынан 553 930 сомго эмерек (парталар, окуу стулдары, доскалар, шкафтар, илгичтер) коюлган.

Майлуу-Суу шаарындагы №76 КЛге 970 840 сом суммасына эмерек (конференц-зал үчүн стол жана стулдар, парталар, окуу стулдары, доскалар, шкафтар, илгичтер) жеткирилип берилди.

Ушундай эле эмеректер менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Майлуу-Суу колледжи 1 376 280 сомго, Кара-Көл колледжи 2 547 230 сомго жана Кербен шаарындагы № 69 КЛ 553 932 сомго жабдылган.

Бардык эмеректер сапаттуу, коопсуз материалдан жасалган.

Белгилей кетсек, аталган окуу жайларда буга чейин "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү көндүмдөрү" долбоорунун алкагында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн жана кеңсе жабдуулары менен камсыз болгон.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар