Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Колледждин окутуучулары жаңы технологияларды өздөштүрөт

Көрүлдү: 0

Бишкектеги архитектура, курулуш жана менеджмент колледжинде Алдыңкы тажрыйба борборлорунун (АТБ) жыйырмадан ашык окутуучулары үчүн "Билим берүүдөгү технологиялар: заманбап инструменттер жана усулдар" темасында тренинг башталды.

post.title

Тренингдин максаты – катышуучуларды билим берүү процессинде заманбап технологиялык каражаттарды колдонуунун практикалык көндүмдөрүн өздөштүрүүсү. Мында, педагогдор Learning Apps, Quizlet, Kahoot, Google Classroom, Google Site тиркемелери, интерактивдүү доска жана жасалма интеллекттин негизги функцияларын жана мүмкүнчүлүктөрүн өздөштүрөт. Ошондой эле окутуунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана студенттерди сабакка тартуу үчүн аларды окуу практикасына интеграциялоону үйрөнүшөт.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында буга чейин 8 колледждин базасында АТБ түзүлгөн. Бул борборлордун окутуучулары долбоордун алкагында квалификацияны жогорулатуу курстары, ар кандай тренинг жана семинарлардан өтүшкөн. Ошентип, алар өз аймагындагы колледждердин жана кесиптик лицейлердин педагогдорун окутууга мүмкүнчүлүк алышкан. Аталган семинардын тренери – Ош индустриалдык – педагогикалык колледжинин окутуучусу Самар Мамаев. Ал окутуучулар үчүн мындай тренингдердин маанилүүлүгүнө токтолду:

"Заманбап билим берүү педагогдон педагогикалык технологияларды тандоодо чыгармачылык мамилени жана компетенттүүлүктү талап кылат. Бүгүнкү күндө педагогдор өз ишмердүүлүгүндө окуучулардын окуу активдүүлүгүн жана мотивациясын жогорулатууга багытталган окутуу технологияларын колдонушу керек. Өзгөчө жасалма интеллектти колдоно билүү маанилүү. Биздин АТБда биз Ош облусундагы кесиптик лицейлердин, ошондой эле колледждердин өкүлдөрү үчүн мезгил-мезгили менен ушундай тренингдерди өткөрүп турабыз".

Эки күндүк иш-чара "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында уюштулуган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар