Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинде “Кесиптик билим берүүдө киреше алып келүүчү тармактарды өнүктүрүү” аттуу тегерек стол болуп өттү

Көрүлдү: 0

Иш-чаранын максаты - Алдыңкы тажрыйба борборунун эмгек рыногунун талаптарына ылайык, компетенттүүлүк негизде окутууда социалдык өнөктөштөр менен кызматташуу жолдорун талкуулоо жана окуу өндүрүштүк комплекстер аркылуу окутуунун сапатын көтөрүү максатында, өзүн өзү каржылоо үчүн киреше алып келүүчү тармактарды өнүктүрүү.

post.title

Тегерек столго 50гө жакын катышуучу катышты. Бул-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башталгыч жана орто билим берүү мекемелеринин, мектептердин өкүлдөрү, иш берүүчүлөр, социалдык өнөктөштөр жана Алдыңкы тажрыйба борборлорунун (АТБ) өкүлдөрү.

Иш-чаранын катышуучулары кесиптик билим берүүдө киреше алып келүүчү тармактарды өнүктүрүү багыттары, көз карандысыз сертификация жана валидация системасын өнүктүрүүнүн механизмдери жана перспективалары, баштапкы жана орто кесиптик билим берүүдө мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууда АТБнын ролу өңдүү маселерди талкуулады.

Тегерек столду жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.

Бүгүнкү күндө АТБ – эмгек рыногунун суроо-талаптарына жооп берген заманбап окуу жайы, анын максаты-эксперименталдык кесиптик стандарттардын негизинде методологияларды жана практикаларды колдонуу менен облустук эмгек рыногунун керектөөлөрүнө ылайык орто кесиптик деңгээлдеги адистерди даярдоо, компетенциялык негизде окутуу.

Жалал-Абад АТБсында инклюзивдүү билим берүү чөйрөсү түзүлгөн, имараттар реконструкцияланып, заманбап окуу-өндүрүштүк комплексте аймак үчүн артыкчылыктуу адистиктер боюнча жумуш ордунда окутуу жана киреше алып келүүчү ишмердик жүргүзүлөт. Бул иштерге “Секторду өнүктүрүу программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында 1 млн АКШ доллар өлчөмүндө каражат каралган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар