Көрүлдү: 169
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинде «Автослесарь» жана «Электромонтер» кесиптери боюнча квалификацияны жогорулатуу курсу өтүп жатат.
Курска Жалал-Абад облусунун кесиптик лицейлеринен 19 мугалим жана өндүрүштүк окутуу устаты катышууда.
“Секторду өнүктүрүү программасы”: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында уюштурулган курста анын катышуучулары аталган кесип боюнча тиешелүү көндүмдөргө ээ болот.