Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Бишкек архитектура, менеджмент жана курулуш колледжинде окуу-өндүрүштүк комплекси ишке кирди

Көрүлдү: 94

Үстүбүздөгу жылдын 1-июлунда Бишкек архитектура, менеджмент жана курулуш колледжинин бүтүрүүчүлөрү Азия өнүктүрү банкы тарабынын каржыланып, КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан “Секторду өнүктүрүу программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында курулган окуу-өндүрүштүк комплексиндеги заманбап жабдууларда өз дипломдук ишин жактады.

post.title

“Жыгач иштетүүнүн технологиясы, дизайны жана эмеректерди конструкциялоо” адистиги боюнча билим алган 10 студент аталган комплексте эмерек жасап, дипломдук ишин жактаган алгачкы студенттер болуп саналат.

Бул студенттердин арасындагы жалгыз бийкеч Аделина Айтбекова дипломун колуна алгандан кийин, дизайнер болуп иштегени жатат:

Бул адистик боюнча иш табуу оңой. Анткени биз эмерек жасоочу гана эмес, ошол эле убакта технолог жана дизайнер болуп иштей алабыз. Башкача айтканда, үч адистин ишин бир адам аткара алат. Анын үстүнө, окуу-өндүрүш комплексиндеги жабдуулар менен иштөөнү билгенибиз эмгек рыногундагы башка адистерге караганда бизге бир топ артыкчылык берет.

Окуу жайдын директору Максат Дүйшөбаевдин айтымында, окуу-өндүрүштүк комплексинде студенттер практикадан өтүп гана тим болбостон, буюртмаларды алып, киреше табуу мүмкүнчүлүгү каралган:

Окуу-өндүрүштүк комплексиндеги жабдуулар менен жыгачтан түрлүү эмеректерди жасоого болот. Башка айтканда, комплексти толук кандуу чакан цех деп атасак болот. Окуунун жүрүшүндө студенттер бул жабдууларда иштөөнү толугу менен өздөштүрөт. Ал эми быйыл биринчи жолу студенттер мамлекеттик аттестациялык комиссиянын көз алдында окуу парталарын жасап, дипломдук ишин жактады. Ошондой эле, жакындан тарта биз сырттан келген кардарлардан буюртма алып, эмеректерди жасай баштайбыз. Биз үчүн бул эң сонун саамалык.

Аталган колледжде долбоордун алкагында бул цехтен тышкары, имараттар үчүн желдетүүчү каналдарды чыгаруучу ишкана жана курулуш материалдарынын сапатын текшерүү үчүн лаборатория курулган.

Ушул өңдүү комплекстер долбоор тарабынан өлкө боюнча 8 колледждге салынган. Мындан тышкары пилоттук окуу жайлардын имараттары реконструкцияланып, окуу кабинеттери, лабораториялар, окутуучулар үчүн бөлмөлөр, ашканалар, жатаканалар, ажатканалар, эс алуу жайлары – жалпы аянты 40 миң чарчы метрден ашык орун жайлар оңдотулган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар