Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Эмгек рыногунда суроо-талапты жана сунушту талдоо методологиясы боюнча тренингдер башталды

Көрүлдү: 79

Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан «Секторду өнүктүрүү программасы:Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн пилоттук окуу жайлары үчүн регионалдык эмгек рыногунда суроо-талапты жана сунушту талдоо методологиясы боюнча тренингдер башталды.

post.title

Иш-чаранын максаты – окутуунун натыйжалуулугун эмгек рыногунун талаптарына ылайык жогорулатуу.

Окутууну алдынкы тажрыйба борборлорунун даярдалган тренерлери башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн пилоттук окуу жайларынын өкүлдөрү үчүн өткөрүүдө.

Иш-чара эмгек рыногунун суроо-талабын жана сунуштарын талдоо, бул талдоонун маанилүүлүгү, методологиясы, көрсөткүчтөр, маалымат булактарын издөө жана талдоо, ишке орношууга байкоо жүргүзүү боюнча электрондук платформа түзүү, аналитикалык отчет даярдоо жана башка темаларды камтыган.

Тренинг Бишкек шаарында ушул жылдын 1-июнунан 3-июнуна чейин, ал эми Ош шаарында июндун 13нөн 15не чейин өтөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар