Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
Кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу методологиясы боюнча тренингдер уюштурулду

Көрүлдү: 52

Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору ушул жылдын 11-майынан 18-майына чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Кызыл-Кыя шаарларында кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу жана бекитүү методологиясы боюнча бир катар практикалык тренингдерди уюштурду.

post.title

Алгачкы тренинг Бишкек шаарында өтүп, ага ишканалар, компаниялар, лицейлер жана колледждер, ошондой эле Бишкектеги Республикалык илимий-методикалык борбордун 40тан ашык өкүлү чогулду. Андан соң окутуу Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-кен колледжинин жана ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин артыкчылыктуу таржрыйба борборлорунда улантылды. Тренингдин катышуучулары Улуттук квалификация системасы жана алкагы, Тармактык квалификация алкагы менен таанышып, долбоордун алкагында иштелип чыккан 16 адистик жана 10 кесип боюнча стандарттарды адаптациялоо ишин баштады.

Адаптациялоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июлундагы №77 токтому менен бекитилген Кесиптик стандартты иштеп чыгуу методикасына ылайык жүргүзүлөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар