Кыргыз билим берүү академиясы
Кыргыз билим берүү академиясы
Аспиранттар үчүн илимий мектеп

Көрүлдү: 0

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим жана илимий -техникалык саясат департаменти жана Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги менен бирдикте 2021-жылдын 22-сентябрынан 24-сентябрына чейин Чолпон-Ата шаарында аспиранттар үчүн кезектеги илимий “Аспиранттар мектебин” өткөрдү.

post.title

Бул программанын алкагында ата мекендик жана чет өлкөлүк профессорлордун катышуусу менен аспиранттарга, илимий даражаларга талапкерлерге, ЖОЖдордун илим бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине илимий изилдөө методологиясы боюнча тренингдер өткөрүлдү.

Кыргыз билим берүү академиясынын президенти, профессор Дюшеева Назира Кубанычбековна "Илимий изилдөөлөрдү долбоорлоо жана уюштуруу" презентациясын жасады.

            Семинарда диссертация жазуу үчүн актуалдуу темалар боюнча докладдар окулду: “Антиплагиат” системасы (Беленькая О.С., РФ), “Илимий байланыштын жана илимометриканын бөлүнгүс объектиси катары” макала (Тихонкова И.А., Украина, ЖЧК "ClarivateAnalytics"), “Интеграция жөнүндө дүйнөлүк илимге: рецензияланган журналдар жана маалымат базалары” (Попкова Е.Г., РФ), “Кыргыз Республикасындагы автордук укук жана чектеш укуктар” (Чалова З.Т.), “Илимий даражага талапкерге жардам берүү үчүн ченемдик укуктук актылар” (Атабекова Н.К.), “Басылмаларды жана диссертацияларды даярдоодо адабияттар менен иштетөөнүн жана пайдалануунун өзгөчөлүктөрү” (Логачева Р.Ф.), “Илимий текстти куруунун 3D модели” (Короткина И.В., РФ).

А.А.Аземова

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар