Базалык профессионалдык билими: СССР дин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин «Химия» факультетине кирип, 1978- жылы химик, химия окутуучусу адистигине ээ болгон.
Жогорку окуу жайды бүтүргөндөн кийинки билими:
1989-1993-жылдары Кыргыз педагогика институнун сырттан окуу бөлүмүнүн аспирантурасын бүтүргөн.
2013-жылы «Жалпы билим берүүчү мектепте химияны тереңдетип окутуунун мазмунунун илимий-методикалык негиздери»-деген темада кандидаттык диссертациясын коргоп, 13.001-жалпы педагогиканын жана билим берүүнун тарыхы; 13.00.02-окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (химия) адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты деген илимий даражага ээ болгон.
Кошумча билими : билимин өркүндөтүүчү курстарда, 30 дан ашык билим берүү тармагындагы семинар, тренингдерге катышып 25 тей сертификаттарга ээ болгон.
Басылмалары: 8 химия окуу китептердин, 20 окуу-усулдук колдонмолордун, 55 илимий, илимий жана усулдук макалалардын автору.