Көрүлдү: 708
Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептеги билим берүү жана китеп басып чыгаруу саясатынын башкармалыгынын башкы адиси Бакыт Рысбеков 24-октябрдан 28-октябрга чейин Бенин Эл Республикасынын (Батыш Африка) Котону шаарында өтүп жаткан “Балдардын тамактануусу” Глобалдык форумуна катышууда.
Форумда Бакыт Рысбеков “Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашынын өзгөчөлүктөрү” темасындагы презентацияда1-4-классынын окуучуларынын тамактануу өзгөчөлүктөрү жана мектептеги тамактанууда колдонулган укуктук ченемдик актылар жөнүндө айтып берди.
Форумга мектептеги тамактануу программасын талкуулоого жана жамааттык артыкчылыктарды белгилөөгө бардык континенттен адистер катышууда.