Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ТАЛАНТБЕК БЕКТАШОВ МЕКТЕПТЕРДИН КҮЗ-КЫШ МЕЗГИЛИНЕ ДАЯРДЫГЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Көрүлдү: 541

Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Талантбек Бекташов Кочкор, Ат-Башы, Ысык-Көл, Түп, Жети-Өгүз райондорундагы жана Каракол шаарындагы мектептерге иш сапар менен барып келди.

post.title

Ал сапардын жүрүшүндө аймактардагы авариялык мектептер, билим берүү мекемелериндеги күз-кыш мезгилине даярдык иштери менен жеринен таанышып, тиешелүү тапшырмаларды берди.

Талантбек Бекташов иш сапарынын алкагында Нарын шаарынын вице-мэри жана президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары менен жолугуп, мектеп, бала бакчалардагы материалдык-техникалык базаны жакшыртуу маселелерин талкуулады.

Мындан сырткары биринчи орун басар Нарын жана Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар