Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ТЕМИР ЖОЛЧУЛАР ЛИЦЕЙИ БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН 80 ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛЕДИ

Көрүлдү: 497

Бүгүн, 25-октябрда Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гулнур Мамырова башталгыч кесиптик билим берүүнүн 80 жылдыгына карата №97 темир жолчулар кесиптик лицейинде өткөн маарекелик иш-чарага катышты.

post.title
“Ата-энелер бизге балдарын аманат катары берүүдө. Бул үчүн ата-энелерге ыраазычылык билдирем. Балдарга татыктуу билим берүү биздин негизги милдетибиз болушу керек”, - деп билдирди министрдин орун басары.

№97 темир жолчулар кесиптик лицейи 1942-жылы сентябрь айында негизделген. Кесиптик лицей 80 жылдан бери Кыргыз темир жолу үчүн квалификациялуу кадрларды даярдап келе жаткан жалгыз окуу жайы болуп саналат.

Лицей бюджеттик негизде 9 жана 11-класстардын базасында төмөнкү адистиктер боюнча даярдайт:

 - тепловоз машинисти;

 - тепловоз машинистинин жардамчысы;

 - темир жол станциясы боюнча нөөмөтчү;

 - жүктү жана багажды кабыл алуучу, товардык кассир.

 Лицей 2018-жылдан бери эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон төмөнкү кесиптер боюнча кыска мөөнөттүү окутууларды жүргүзүп келет:

 - алыскы жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондун кондуктору;

 - вагондорду текшерүүчү-оңдоочу;

- электр жана газ менен ширетүүчү;

 - автомобиль кранынын машинисти ж.б.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар