Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ЖЕНЕВА УНИВЕРСИТЕТИ ЕВРОПА ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК МЕНЕДЖМЕНТ БОЮНЧА МАГИСТРДИК ПРОГРАММАНЫ СУНУШТАЙТ

Көрүлдү: 494

Билим берүү жана илим министрлиги Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинен Женева университети тарабынан Женевадагы БУУ менен кызматташтыкта сунушталган европа жана эл аралык менеджмент жөнүндө алдыңкы изилдөөлөр (MEIG программасы) боюнча магистр даражасын алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө нота келип түшкөндүгүн маалымдайт.

post.title

MEIG программасы европа жана эл аралык башкаруу жөнүндө билимди жана  керектүү кесиптик көндүмдөрдү берүүгө багытталган. MEIG программасынын курсу 2023-2024-окуу жылында өтүп, 2023-жылдын сентябрында башталат.

Программага тапшыруунун үч мөөнөтү тастыкталган: 2022-жылдын 15-ноябры, 2022-жылдын 31-декабры, 2023-жылдын 15-февралы.

Талапкерлер стипендия алууга арызды 2022-жылдын 15-ноябрына чейин тапшырышы керек.

MEIG программасына кабыл алуу боюнча кененирээк маалымат менен https://www.meig.ch/ сайтынан таанышсаңыз болот.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар