Көрүлдү: 552
2022-жылдын 20-октябрында Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов “Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаров – анын айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого кошкон салымы” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.
Конференция Кыргыз улуттук агрардык университетинде Тоолордун туруктуу өнүгүү экосистемдери: “Азык-түлүк коопсуздугу: тажрыйбалар, жетиштиктер жана перспективалар” Борбор Азия форумунун алкагында өттү.
Анда министр Корчубек Акназаровдун өмүр жолу, өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугуна кошкон зор салымы, элине жасаган эмгектери тарых барактарында каларын белгиледи.
Буга кошумча Уланбек Мамбетакунов Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенттеринин STARTUP долбоорлорунун бет ачарына катышып, ийгиликтерди каалады.