Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЕЛЕЧЕКТЕГИ ПЛАНДАР

Көрүлдү: 601

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдыга койгон пландары.

post.title

- окуу-методикалык кабинеттердин штатын көбөйтүү,

- формалдуу, формалдуу эмес жана информалдуу окутууну көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борборун ачуу,

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар, мигранттардын балдары билим алыш үчүн, мамлекеттик үлгүдѳгү документти берүүчү «Электрондук мектепти» түзүү,

- "Көп профилдүү, түзөтүүчү жана өнүктүрүүчү педагогика Борбору" долбоорун ишке ашыруу;

- «Ата-энелер мектебин» түзүү,

- бала бакчалардын, мектептердин, башталгыч жана орто кесиптик уюмдардын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстарды өткөрүү;

- "Санарип Билим" мамлекеттик мекемесин түзүү,

- Республиканын 1200 мектебине 24168 компьютер сатып алуу,

- 12 жылдык билим берүүгө өтүү программасын ишке ашыруу (жаңы муундагы окуу китептерин басып чыгаруу, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо, мектеп стандарттары, окуу-методикалык комплекттер, мугалимдердин эмгек акысы, PISAга даярдануу),

- химия, биология жана физика кабинеттерин жабдуу,

- Чыгармачыл технологиялар борборун түзүү (Tumo билим берүү платформасын түзүү),

- орто мектептерде медициналык кабинеттерди түзүү жана жабдуу,

 - мектептер үчүн электрондук окуу китептерди жана интерактивдүү доскаларды сатып алуу,

 - 25 кесиптик лицейдин устаканаларын жабдуу.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар