Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИР ЖЫЛДА АТКАРЫЛГАН ИШТЕР: ЖОГОРКУ ЖАНА ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ

Көрүлдү: 492

• Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн деңгээлинде жаңы билим берүү стандарттары иштели чыкты. • Кыргыз Республикасынын Президентинин Эл аралык “Эл үмүтү” стипендиясы. • Стартаптарга 100 миллион сомго чейин грант берилет. • Инновациялык илимий борбор катары 5 университетке өзгөчө статус.

post.title

Жаңы билим берүү стандарттары иштелип чыккан, аларда окуу жайлардын академиялык эркиндиги 90% түзөт жана 10% гана милдеттүү мамлекеттик компонент болуп саналат. Бул билим берүү системасы иш берүүчүлөрдүн муктаждыктарына ийкемдүү жана тез жооп бериши үчүн жасалууда.

Бир нече жылдан бери ЖОЖ рейтинги түзүлүүдө, эми жаңы окуу жылынан баштап биз республикадагы колледждердин рейтингин ишке киргизип жатабыз.

Жогорку окуу жайлары үчүн кадрларды даярдоонун инварианттуулугу боюнча, дүйнөлүк практиканы эске алуу менен 7 багыт аныкталды, анын алкагында профилдердин түйүнүндө жаңы окуу жылынан баштап биз адистерди бир нече квалификациясы менен даярдоону баштайбыз. Мисалы, «Табигый-илимий билим берүү» багытынын алкагында «Информатика, физика жана математика мугалими» болот. Ал мектептерге STEM ыкмасын ишке ашырууга мүмкүндүк берет, бул жактан студенттер илимий ыкмаларды практикада кантип колдонууга болоорун түшүнө баштаган аралаш чөйрөнү билдирет.

Өлкөдө жогорку квалификациялуу кадрдык потенциалды жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясы уюштурулуп, жаны окуу жылынан баштап, мамлекет каржылык жактан дүйнөдөгү эң абройлуу университеттерде кадрларды даярдоону колдойт.

Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча 9 абитуриент эл аралык стипендияга ээ болушту.

2022-жылдын мамлекеттик жогорку окуу жайларда бизнес-инкубаторлор ачылды. Мамлекеттик каржылык колдоо көрсөтүү долбоорлорду ишке ашырууга карата стартап-долбоорлору конкурстардын жыйынтыгы боюнча тандалып алынган стартаптарга 100 миллион сомго чейин грант берилет.

5 университет кеңири уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономияны камсыз кылууну караган өзгөчө статуска ээ болушту. Алар инновациялык жана атаандаштыкка жөндөмдүү илимий борборлорго айланат.

Тармактар боюнча орто кесиптик окуу жайларынын студенттеринин саны:

Экология — 120,
Жерге жайгаштыруу — 217,
Тейлөө чөйрөсү — 249,
Байланыш — 436,
Коопсуздук — 467,
Маданият жана искусство — 1318,
Туризм — 1422,
Башкаруу — 1460,
Тоо-кен өнөр жайы — 1566,
Дизайн — 1577,
Өнөр жай (жеңил, тамак-аш, кайра иштетүү, машина куруу ж. б.) - 1817,
Айыл чарба — 1968,
Курулуш — 2573,
Гуманитардык адистиктер — 2869,
Энергетика — 3083,
Транспорт — 4179,
Укук — 6642,
Компьютердик технологиялар — 11058,
Экономика — 12832,
Саламаттыкты сактоо — 18979,
Билим берүү — 18038,

Жалпы — 92870.

Тармактар боюнча жогорку окуу жайларынын студенттеринин саны:

Билим берүү — 60715,
Саламаттыкты сактоо — 39851,
Экономика — 28441,
Гуманитардык илимдер — 21150,
Юриспруденция жана укук — 17970,
Компьютердик технологиялар — 15341,
Башкаруу — 9276,
Өнөр жай (жеңил, тамак-аш, кайра иштетүү, химиялык, машина куруу ж. б.) - 5570,
Курулуш — 5435,
Энергетика — 5318,
Транспорт — 4196,
Тоо-кен өнөр жайы — 3912,
Айыл чарба — 3937,
Маданият жана искусство — 2799,
Туризм — 2018,
Техносфералык коопсуздук — 1304,
Табигый илимдер — 1372,
Байланыш — 1028,
Экология — 869,
Физика-математика илимдери — 623,
Аскердик билим берүү — 269,

Жалпы – 231394.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар