Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИР ЖЫЛДА АТКАРЫЛГАН ИШТЕР: МУГАЛИМДЕРДИН ЭМГЕК АКЫСЫ ЖАНА ДИРЕКТОРЛОРДУН СЫНАГЫ

Көрүлдү: 691

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын октябрынан 2022-жылдын октябрына чейинки мезгилде мугалимдердин эмгек акысын жогорулатуу жана мектеп директорлорун сынактык тандоо боюнча аткарылган иштери жөнүндө маалымат.

post.title
  • Билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын 80% жогорулатуу. Эмгек акыга ставка системасын киргизүү. Республикалык жана эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин даярдоо үчүн, бир жолку кошумча акылар: эл аралык олимпиадалар үчүн 100 миң сомдон 500 миң сомго чейин жана республикалык олимпиадалар үчүн 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин ай сайын кошумча төлөм. Педагогикалык кадрларга категорияларды берүүнү калыбына келтирүү. Мугалимдерди аттестациялоонун жаңы автоматташтырылган системасы. ЖОЖдордогу педагогикалык багыттарынын студенттеринин стипендиясын жогорулатуу (1-курста - 1000 сом, 2-курста - 2000 сом, 3-курста - 3000 сом жана 4-курста - 4000 сом). Педагогикалык багыттар боюнча ЖРТ негизги тестинин босого баллын көтөрүү. Педагогикалык багыттарга кабыл алуу 2021-2022-окуу жылына салыштырмалуу 22% көп жана абитуриенттердин орточо баллы 180 өстү.
  • Мугалимдердин жетишсиздигин 2785тен 839га чейин кыскартуу (же 3,3 эсе).
  • Райондук, шаардык башкармалыктардын жана билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин 13 көрсөткүчтүн негизинде биринчи рейтинги, иш-чараларды пландаштыруу жана мониторинг жүргүзүү, аймактагы билим берүүнүн сапаты, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү, санариптештирүү боюнча.
  • Толук компьютердик технологиянын негизинде мектеп директорлорун тез арада жыйынтык берүү менен конкурстук тандоо.

Өлкө жетекчилигинин колдоосу менен биринчи жарым жылдыкта мугалимдердин айлыгы 80% көтөрүлдү. Ошол эле учурда, табият-математикалык предметтер боюнча мектеп мугалимдеринин эмгегин стимулдаштыруу максатында, алар башкаларга караганда 20% көбүрөөк алышат. Оптималдуу максималдуу жүктөм 27 саатты (же бир жарым ставка) түзгөн эмгек акынын тарифтик системасы түзүлдү.

Ошондой эле, мугалимдерге республикалык жана эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин даярдоо үчүн олуттуу кошумча төлөмдөр каралган (эл аралык олимпиадалар үчүн 100 миң сомдон 500 миң сомго чейин бир жолку кошумча төлөмдөр жана 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин ай сайын кошумча акылар).

Педагогикалык кызматкерлерге категорияларды берүү калыбына келтирилди жана ага ылайык квалификациялык категория үчүн кошумча төлөмдөрдүн өлчөмү 1000, 1500 жана 2000 сомдон 2000, 3000 жана 5000 сомго чейин көбөйтүлдү.

Мугалимдерди аттестациялоонун тартиби жөнүндө жаңы Жобо иштелип чыгып, КР Министрлер Кабинетинин жыйынында каралды. Эми бул адам факторун жок кылган автоматташтырылган процесс.

Мугалимдерди аттестациялоонун жыйынтыгында «Экинчи категориядагы мугалим», «Биринчи категориядагы мугалим», «Жогорку категориядагы мугалим» категориялары ыйгарылат.

ЖРТ жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдү мугалимдик кесипке шыктандыруу максатында, отличниктерге 1-курста 1000 сомдон, 2-курста 2000 сомдон, 3-курста 3000 сомдон жана 4-курста – 4000 сомдон төлөп берүү боюнча биздин идеябызды, Министрлер Кабинети бир добуштан колдоду.

2022-2023-окуу жылга педагогикалык багыттарга 1918 гранттык орун бөлүнгөн. Педагогикалык багыттар боюнча гранттык негизде кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги тестинин босого баллы – 115 балл болуп бекитилген (мындан башка багыттарга – 110 балл).

2022-2023-окуу жылында педагогикалык багыттар боюнча окууга кабыл алынган студенттердин жалпы саны 5138 студентти түзүп, 2021-2022-окуу жылына салыштырмалуу 22% көп.

Ошол эле учурда педагогикалык адистиктерге тапшыргандардын жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги тестинин максималдуу упайы 219 балл деңгээлинде, орточо балл 180 баллга жакын экендигин белгилей кетүү керек.

2022-жылдын сентябрына карата республиканын мектептеринде 839 мугалим жетишсиз (Баткен облусунда – 113, Чүй облусунда – 253, Бишкек шаарында – 235, Ысык-Көл облусунда – 41, Таласта – 30, Жалал-Абадда – 69, Ош шаары -23, Ош облусу -65, Нарын -10). Бул 2021-жылга салыштырмалуу 3,3 эсеге аз.

Биз эми райондук, шаардык бөлүмдөрдүн, билим берүү башкармалыктардын жетекчилерин системалуу түрдө баалайбыз. Иш-чараларды пландаштыруу жана мониторинг жүргүзүү, аймактагы билим берүүнүн сапаты, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү жана санариптештирүү боюнча 13 көрсөткүчкө негизделген биринчи рейтинг, биз тараптан 2022-жылдын февраль айында коомго ачык жарыяланган.

Азыркы учурда модернизациялоонун фазасы - билим берүү уюмдарын башкаруучу адамдардын кесипкөй командасын түзүү болуп саналат.

Кыргызстанда биринчи жолу мектеп директорлорун сынактык тандоо процесси толук компьютердик технологиянын негизинде, натыйжасын тез чыгаруу менен уюштурулду. Бул директорлордун ишин жана алардын ондогон жылдарга созулган коррупциялык схемаларын сынга алуу маселесин чечүүгө мүмкүндүк берди. Ал эми бул иш билим берүүнүн башка баскычтарында да уланат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар