Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИР ЖЫЛДА АТКАРЫЛГАН ИШТЕР: БАШТАПКЫ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ

Көрүлдү: 457

• Кесиптик лицейлердин 11%на дуалдык билим берүүнү киргизүү. • Окутуунун мөөнөттөрү 3 жылдан 2 жылга кыскаруу.

post.title

Лицейлердин 11% өнөктөштөрдүн өндүрүштүк базаларын пайдалануу менен окуучуларды дуалдык окутуп жатышат. Мисалы, «Легпром» Ассоциациясы, коомдук тамактануу ишканаларынын Ассоциациясы, сулуулук өнөр жай ишканаларынын Ассоциациясы.

Формалдуу, формалдуу эмес жана информалдуу окутуу, көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо Борборун түзүү башталды. Бул миңдеген адамдарга формалдуу эмес түрдө алган кесиптик тажрыйбасын ырастоого жана тийиштүү билим берүү документтерин алууга мүмкүндүк берүүчү өтө маанилүү социалдык-экономикалык демилге. Алар эмгек рыногуна, анын ичинде чет өлкөгө расмий түрдө чыга алышат. Жарандар, баштапкы кесиптик билим берүүнүн 7 багыты боюнча онлайн түрдө арыз бере алышат.

Биринчи жолу 92 кесиптик лицейде жалпы предметтердин мамлекеттик бүтүрүү экзамендери онлайн байкоо режиминде өткөрүлдү. Окутуунун нормативдик мөөнөттөрү да 3 жылдан 2 жылга кыскарып, жаштардын эмгек рыногуна эртерээк киришине шарт түзүлөт.

Кесиптик лицейлерге абитуриенттерди онлайн кабыл алуунун автоматташтырылган программасы иштелип чыкты.

Кесиптик лицейлердин окуучуларынын саны

Баткен облусу — 4030,
Бишкек шаары — 6111,
Жалал-Абад облусу — 5502,
Нарын облусу — 3329,
Ош облусу — 1278,
Ош шаары — 1929,
Талас облусу — 1278,
Чүй облусу — 6289,
Ысык-Көл облусу — 3048,

Жалпы — 32794.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар