Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИР ЖЫЛДА АТКАРЫЛГАН ИШТЕР: МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ДЕҢГЭЭЛИНДЕ

Көрүлдү: 402

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын октябрынан 2022-жылдын октябрына чейинки мезгилде мектептик билим берүүдө аткарылган иштери жөнүндө маалымат.

post.title
  • Мектептердин санынын өсүшү 2296дан 2333кө көбөйдү;
  • Мектептик билим берүү камтуунун өсүшү 1 млн 407 миңге чейин окуучулар 1-класстан 11-класска чейин тартылган;
  • 2022-2023-окуу жылынан баштап республика боюнча мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына, мектеп жашындагы балдарды кабыл алуу “Мектепке электрондук кабыл алуу” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу ишке ашырылууда;
  • Кыргыз Республикасынын жалпы мектептеги билим берүүнүн жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандарты (системаны 12 жылдык билим берүүгө өткөрүү, башталгыч класстарда бир сааттык натыйжасыз сабактарды жоюу, тилди өздөштүрүү боюнча баскычтуу мамиле, медиа сабаттуулук жана жашыл көндүмдөр, башталгыч класстарда баасыз мотивациялоочу баалоо, «Кыргыз жараны» деңгээлинде «Өзүн-өзү таануу», 12 жылдык окуу мѳѳнѳтүнѳ өтүү боюнча Жол картасы).

Мектепте билим берүүнүн деңгээлинде мектептердин саны 37ге көбөйүп, 2296дан 2333кө жетти. Ошол эле учурда мектеп окуучуларынын демографиялык саны дээрлик 50 миң балага өсүп, 1 миллион 407 миңди түздү.

2022-2023-окуу жылынан баштап бардык республиканын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына мектеп жашындагы балдарды кабыл алуу “Мектепке электрондук кабыл алуу” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу ишке ашырылып жатат.

Министрлик билим берүүнүн мазмунун жана билим берүү стандарттарын, окуу пландарын иштеп чыгууга болгон мамилени олуттуу өзгөртүүнүн үстүндө иштеп жаткандыктан, Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү Мамлекеттик билим берүү стандарты, ошондой эле башталгыч мектептердин жаңы предметтик стандарттары иштелип чыкты.

Ошондой эле инфраструктура жана окуу материалдар жеткиликтүү болгондон кийин жакынкы жылдарда системаны 12 жылдык окууга өткөрүү мүмкүнчүлүгүн камтыйт.

Жаңы стандартта башталгыч класстарда бир сааттык натыйжасыз сабактардан алыстап, кыргыз, орус жана англис тилдерин өздөштүрүү үчүн деңгээлдүү ыкманы киргизилди.

Эми мектептерде кадрлар жетиштүү болсо, предметтер ар кайсы тилде окутула баштайт.

Ошого жараша университеттердин алдында эки-үч тилде сүйлөгөн мугалимдерди даярдоо милдети турат. Медиа сабаттуулук жана жашыл көндүмдөр ар кандай предметтер ичинде киргизилген. Башталгыч класстар үчүн баалары жок мотивациялык баалоо киргизилди. «Кыргыз жараны» деңгээлиндеги «Өзүн-өзү таануу» сыяктуу компетенттүүлүк камтылган. 

Министрликтин 2022-жылдын 29-апрелиндеги №832/1 буйругуна ылайык 12-жылдык билим берүү мөөнөтүнө өткөрүү боюнча Жол картасы бекитилген.

Аталган буйруктун алкагында жакынкы арада төмөнкү иштерди аткаруу пландаштырылды:

- 1-5-класстардын предметтик стандарттарынын 12- жылдык окутуу форматында даярдоо;

- балдарды мектепке даярдоо боюнча документтерди толук анализдеп, ченемдик укуктук документтердин (санитардык–эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер, стандарт ж.б.) пакетин даярдоо;

- 12-жылдык окутууну этап этабы менен киргизүү үчүн инфраструктураны (имараттар, класс-кабинеттер, материалдык жана техникалык камсыздыгы ж.б.) анализдөө;

- 12-жылдык окутууда колдонулуучу окуу китептерин басып чыгаруудагы жол-жоболордун аткаруу мөөнөттөрүн карап чыгуу;

- жогорку 11-12-класстардын окуучуларын 3-6 айлык программалар менен кесипке даярдоочу максатында өндүрүштүк окутууну камсыздоону көп талап кылбаган кесиптердин жана алардын программаларын тандоо.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар