Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИР ЖЫЛДА АТКАРЫЛГАН ИШТЕР: МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ДЕҢГЭЭЛИНДЕ

Көрүлдү: 395

• Бала бакчалардын санынын өсүшү – 1648ден 1712ге чейин. • Республика боюнча биринчи жолу бала бакчаларга электрондук кезек жайылтылды. • Аймактарда 560 кыска мөөнөттүү бала бакчалар түзүлөт. • Социалдык жөлөкпул алган 110 миң үй-бүлөнү камтуу менен бала бакчаларды нормативдик ваучердик каржылоо системасы иштелүүдө.

post.title

Мектепке чейинки билим берүүнүн бардык түрлөрү жана формалары менен камтуу 3-6 жаштагы балдардын санынан 48,6% жетти. Анын ичинен типтүү бала бакчалар менен камсыздоо 23,9% түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 1,9% көп. Бала бакчалардын саны 64 бала бакчага көбөйүп, 1648ден 1712ге жетти. Бул мектепке чейинки типтүү билим берүү уюмдарында камтууну дээрлик 4 миң балага көбөйтүүгө, аны мектепке чейинки типтүү билим берүү уюмдарында дээрлик 200 миң балага жеткирүүгө мүмкүндүк берди.

Биринчи жолу бала бакчага электрондук кезек өлкө боюнча жайылтылып, ага 1500 бала бакча кошулду.

Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү мугалимдер үчүн патент берүү менен, жеке ишти жүзөгө ашыруу үчүн сертификациялоо механизми түрүндө жөнөкөйлөштүрүлгөн система иштелип чыккан. Мындан тышкары, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын бириктирилген мыйзамынын долбооруна «кесиптик компетенцияларды сертификациялоо» түшүнүгү киргизилген.

Социалдык жөлөкпул алган 110 миң үй-бүлөнү камтуу менен бала бакчаларды нормативдик ваучердик каржылоо системасы иштелүүдө.

Кыска мөөнөттүү бала бакчалар менен камтууну жогорулатуу үчүн Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Келечек үчүн билим» жана «Окутуунун негиздерин чыңдоо» долбоорлору ишке киргизилип, ага ылайык аймактарда 560 кыска мөөнөттүү бала бакчалар түзүлөт. Бул иш мектепке чейинки билим берүүнүн бардык формалары менен камтууну 55% жеткирет. Республиканы бала бакчалар менен камсыз кылуу үчүн, гендердик сезимталдыкты жана инклюзивдүүлүктү эске алуу менен окуу, дидактикалык, өнүктүрүүчү материалдар иштелип чыгууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар