Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
“КРЕАТИВДҮҮ ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫН КЕРБЕНИ” КЫРГЫЗСТАН, РОССИЯ ЖАНА БЕЛАРУСТАН ОКУУЧУЛАРДЫ ЧОГУЛТТУ

Көрүлдү: 508

Билим берүү жана илим министрлиги жана “Алтын түйүн” балдардын улуттук инженердик-техникалык академиясы 2022-жылдын 11-октябрынан 15-октябрына чейин Ош шаарында “Креативдүү технологиялардын кербени” эл аралык фестивалын өткөрүүдө.

post.title

Фестивалдын максаты  –  билим берүү технологияларын өнүктүрүүгө жана жайылтууга түрткү берүү.

Фестивалга Кыргызстан, Орусия жана Беларусь өлкөсүнөн келген мугалимдер жана окуучулар катышууда. Фестивалдын катышуучулары калыстар тобуна техникалык жана көркөм арт-долбоорлорду көрсөтүштү.

Ош технологиялык университетинде өткөн “Билим берүү концепциясы: креативдүү илим, инженерия, технология” темасындагы панелдик талкууга Кыргызстан, Россия, Беларусь жана Өзбекстандан келген 80ден ашуун адис катышты.

“Чыгармачыл ой жүгүртүүгө жана жаратууга үйрөнүү” долбоорунун алкагында Кыргызстандагы ЖОЖдордун, “Алтын түйүн” УБИТАсынын, Беларусь Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, Москва шаарындагы “Технополис” өзгөчө экономикалык аймагынын, Санкт-Петербург шаарындагы “Роботрек” россиялык инженер- иштеп чыгуучулардын жана IT адистердин жамааты педагогдор жана балдар үчүн мастер-класстарды өткөрөт.

Фестивалда интернет мейкиндигинде жарнама жана маркетинг, веб-сайттарды иштеп чыгуу, 3D моделдөө булут технологиялары, архитектура жана кол өнөрчүлүк, тиркемелерди жана оюндарды иштеп чыгуу, технологиялык багыттар боюнча макеттерди жана моделдерди иштеп чыгуу сыяктуу темалар боюнча лекциялар жана практикалык сабактар ​​камтылган.

“Креативдүү технологиялардын кербени” фестивалында Чыгыш базары болот. Анда балдар кол өнөрчүлүк буюмдарын жана сувенирлерди сатып, түшкөн акчаны Баткендик балдарга жардам катары беришет.

Фестивалдын жабылуу аземине Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов катышат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар