Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ПЕДАГОГИКАЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК СТАНДАРТЫ ПРЕЗЕНТАЦИЯЛАНДЫ

Көрүлдү: 826

2022-жылдын 13-октябрында билим берүү жана илим министрлигине караштуу Функционалдык сабаттуулук боюнча комитеттин отуруму болуп өттү.

post.title

Жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандартын жана мугалимдин кесиптик стандартын бекитүү, башталгыч билим берүүнүн стандартын өзгөртүү, үзгүлтүксүз квалификацияны жогорулатуу системасын киргизүү, PISA эл аралык сынагына даярдык көрүү маселелерине токтолду.

Жыйында 5-6-класстардын окуучуларынын функционалдык сабаттуулугунун мониторинги жана “Окуу Керемет!” долбоорунун үчүнчү жылынын жыйынтыгы көрсөтүлдү.

Ошондой эле отурумдун катышуучулары жалпы билим берүү уюмунун педагогикалык кызматкеринин кесиптик стандарты жөнүндө презентациядан мугалимдин негизги талаптары, эмгек функциялары жөнүндө маалымат алышты.

Министрдин орун басары эми мугалимдерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу алардын ишмердүүлүгүн баалоо программалары үчүн негиз болууга тийиш деп белгиледи.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар