Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР II ЭЛ АРАЛЫК ПЕДАГОГИКАЛЫК ЧЕБЕРЧИЛИК ФЕСТИВАЛЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮН КАБЫЛ АЛДЫ

Көрүлдү: 1000

Бүгүн, 10-октябрда Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Астана шаарында өткөн II Эл аралык педагогикалык чеберчилик фестивалында 1-орунду алган Салтанат Кеңешчоро кызын кабыл алды.

post.title

Министр эл аралык фестивалда өлкө намысын татыктуу коргогон Салтанат Кеңешчоро кызын жеңиши менен куттуктап, бала бакча - жаш балдардын коомго аралашуудагы, өнүгүүсүндөгү маанилүү этап экендигин белгиледи.

“Бала бакчада балдардын ой жүгүртүү, элестетүү, баарлашуу сыяктуу негизги жөндөмдөрү калыптанат. Азыркы санариптешүү заманында мектепке чейинки билим берүү жаңычылдыкты талап кылууда. Андыктан эл аралык тажрыйбадан алган жаңы дем, жаңы идеялар менен ушул жаатта иш алып барарыңызга ишенем”, - деди Мамбетакунов.

Ошондой эле Уланбек Мамбетакунов министрлик тарабынан педагогдордун кесиптик квалификациясын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулуп, алдыда көптөгөн иш-аракеттер жасаларын билдирди.

Белгилей кетсек, Салтанат Кеңешчоро кызы -  Бишкек шаарындагы №3 бала бакчанын директору.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар