Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ АЙЛЫГЫНЫН АЛКАГЫНДА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТКӨРДҮ

Көрүлдү: 633

Бүгүн, 2022-жылдын 7-октябрында Билим берүү жана илим министрлиги И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде “Мамлекеттик тилди окутуунун методологиясы жана технологиясын өркүндөтүү” аттуу кереге кеңеш өткөрдү.

post.title

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлмира Ибраимова, Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев, окуу жайлардын катышты. 

Тегерек столго Кыргыз Республикасынын бала бакчалары менен орто мектептеринин, орто жана жогорку окуу жайларынын жетекчилери, кыргыз тили жана адабияты мугалимдери катышып, өздөрүнүн мамлекеттик тилди окутуу усулдуктары жана ыкмалары менен тааныштырды. 

“Биз Кыргызстанда жашаган бардык этностордун тилин сактап, өнүктүрүү менен бирге мамлекеттик тилди, расмий тилди жана чет тилдерди мыкты билген кыргызстандыктардын жаңы муунун тарбиялашыбыз керек. Бул максатты ишке ашырууда билим берүү тармагынын миссиясы өзгөчө экендигин жакшы билесиздер”, - деди Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов. 

Мамлекеттик тилди жомоктор менен көркөм чыгармалардын тили гана эмес, коомдук турмуш-тиричиликтин ар кыл тармактарында кеңири пайдаланылган функционалдык тилге айлантуу тууралуу бир катар кызыктуу докладдар окулду. 

Кеңешме мамлекеттик тилди окутуу усулдуктары менен ыкмаларын мындан ары өнүктүрүүнү ар тараптуу чагылдырган резолюцияны кабыл алуу менен аяктады. 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар