Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
“МАМЛЕКЕТТИК  ТИЛДИ ОКУТУУНУН МЕТОДОЛОГИЯСЫ ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯСЫН ӨРКҮНДӨТҮҮ” ТЕМАСЫНДА КЕҢЕШМЕ

Көрүлдү: 461

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата жарыяланган айлыктын алкагында 2022-жылдын 7-октябрында саат 10.00до И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде “Мамлекеттик  тилди окутуунун методологиясы жана технологиясын өркүндөтүү”  аталышындагы кереге кеңеши өтөрүн маалымдайт.

post.title

Кеңешменин максаты – билим берүү тармагында мамлекеттик тилди окутуунун абалына талдоо жүргүзүү.

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.О.Осмоналиев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу  У. Э. Мамбетакунов жана кыргыз тили мугалимдери катышары күтүлүүдө.

Көргөзмөдө катышуучуларга мамлекеттик тилди окутууда колдонулган заманбап ыкмалар,  технологиялар жана электрондук усулдуктар көрсөтүлөт.

Кеңешменин жыйынтыгында резолюция кабыл алынат.

Кошумча маалымат алуу үчүн КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы-Н.К. Мырзабеков менен байланышсаңыз болот.

0999 38 69 84

Nurmyrza01@gmail.com

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар