Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИШКЕК ЖАНА ОШ ШААРЫНДАГЫ БАЛА БАКЧАЛАРДЫН ӨКҮЛДӨРҮ АСТАНАДА МАСТЕР-КЛАСС ӨТКӨРҮҮДӨ

Көрүлдү: 488

Эл аралык педагогикалык фестивалдын жеңүүчүлөрү катары Бишкек жана Ош шаарларынын бала бакчаларынын өкүлдөрү Астана шаарында мастер-класс өткөрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Талантбек Бекташов  “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде билдирди.

post.title

Талантбек Бекташов алар Кыргызстандын алдыңкы педагогикалык тажрыйбасын жайылтып жаткандыгын белгиледи.

“Быйылкы республикалык конкурстун жеңүүчүлөрүн жана лауреаттарын да эмки жылы Эл аралык педагогикалык фестивалынын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү болоруна үмүтүбүз чоң. Баарыңыздарга педагогикалык ишмердүүлүктө ийгиликтерди жана чыгармачылык мамилени каалайм”, - деди Бекташов.

Астана шаарында мастер-класс өткөрүп жаткандар:

  • Кеңешчоро кызы Салтанат (Бишкек шаарындагы №3 бала бакчанын директору);
  • Дууланова Индира Батырбековна (Бишкек шаарындагы № 22 бала бакчанын директору);
  • Нагаева Маргарита Юрьевна (Ош, №61 «Ак Каркыра» бала бакчасынын тарбиячысы).

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар