Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
АСТАНАДА КМШНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫК БОЮНЧА КЕҢЕШИНИН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

Көрүлдү: 559

2022-жылдын 4-октябрында Астана шаарында Казакстан Республикасынын Агартуу министри Асхат Аймагамбетовдун төрагалыгы алдында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин билим берүү тармагында кызматташуу боюнча кеңешинин жыйыны болуп өттү.

post.title

Отурумга Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын жана КМШнын Аткаруу комитетинин Билим берүү, илим жана агартуу министрликтеринин өкүлдөрү катышты.

Кеңештин жыйынына Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен Эл аралык кызматташуу жана өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башкы адиси Эрлан Кожоев катышты.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча Кеңештин 2023-2024-жылдарга карата Иш планы бекитилип, КМШга мүчө өлкөлөрдүн 17 өкүлүнө “ Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин билим берүүсүнүн отличниги” төш белгиси менен сыйлоо жөнүндө чечим кабыл алынды. Шериктештиктин кезектеги педагогикалык форумдарына даярдык көрүү маселелери каралды.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар