Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
БАТКЕНДИК МУГАЛИМ ООР КЫРДААЛДАРДА ИЙИЛБЕГЕН ЭРК ЖАНА КЕСИПКӨЙЛҮГҮ ҮЧҮН СЫЙЛАНДЫ

Көрүлдү: 2419

Бүгүн, 5-октябрда “Жылдын мыкты мугалими” республикалык сынагынын катышуучусу Арзыкан Үрүстөм кызы оор кырдаалдарда ийилбеген эрк жана кесипкөйлүгү үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин грамотасы менен сыйланды.

post.title

Грамотаны Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Талантбек Бекташов тапшырды.

Арзыкан Үрүстөм кызы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Өрүкзар орто мектебинде физика жана математика мугалими болуп эмгектенет.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар