Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” ЖАНА “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ” РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Көрүлдү: 876

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз улуттук опера жана балет театрында “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

post.title

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземинде Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Талантбек Бекташов жалпы билим берүү кызматкерлеринин бүгүнкү майрамы менен куттуктап, педагогикалык чеберчилик жана акылмандык биздин өлкөдө ар дайым чексиз урмат-сыйга ээ болуп келгенин белгиледи.

“Ар бирибиз үчүн мугалимдер күнү - биз устатыбыз деп эсептеген, келечекти аныктоого жана жашоодо максат тандоого көмөктөшкөн, чынчылдыктын, адамгерчиликтин эң маанилүү сабактарын берген агай-эжейлерибизге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирүүгө дагы бир мүмкүнчүлүк берет. “Мугалим – мөмөлүү дарак” деп эл даанышмандары бекеринен айтпаса керек, сиздер мөмөлүү дарак сыяктуу балдарга билим себесиздер”, - деди Талантбек Бекташов.

“Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык сынагынын IV  этабына жалпы 17 талапкер катышкан. Алар буга чейинки баскычтардан ийгиликтүү өтүп, финалга жолдомо алган.

“Жылдын мыкты мугалими” сынагы боюнча жеңүүчүлөр:

I орун – Ош шаарындагы №52 “Кыргыз-Түрк достугу” мектеп-лицейинин математика мугалими Нурсултан Акылбек уулу;

II орун – Бишкек шаарындагы А.Осмонов атындагы №68 мектеп-гимназиясынын информатика мугалими Гүлзат Мукамбетова;

III орун – Жалал-Абад облусундагы Б.Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназиясынын химия мугалими Максат Абилов.

“Жылдын мыкты тарбиячысы” сынагы боюнча жеңүүчүлөр:

I орун Ош шаарындагы №39 “Күн нуру” бала бакчасынын тарбиячысы Гүльназа Туленбаева;

II орун Талас облусунун Манас районундагы “Байчечекей” бала бакчасынын тарбиячысы Мунара Эркинбек кызы;

III орун Ош облусунун Алай районундагы №1 бала бакчасынын тарбиячысы Арапаткан Туменова.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар