КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ОКУТУУЧУЛАРЫ КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУДА
Көрүлдү: 848
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы №21 кесиптик лицейинде “Өндүрүштүк окутуунун мазмунун жана методикасын окутуу” боюнча курс өтүлүүдө. Аталган курс 27-сентябрдан 3-октябрга чейин созулат.
Окутууга №21, №53, № 69, №46, №89, №111 кесиптик лицейлеринин өндүрүштүк окутуу боюнча окутуучулары катышууда.
Курста өтүлүп жаткан темалар :
- Өндүрүштүк окутуу устаттарынын укуктук- ченемдик жана жүгүртүүчү документациялары;
- Өндүрүштүк окутууну пландаштыруу, окуучулардын жумушчу нормасын чыгаруу коэффиценттери;
- Өндүрүштүк окутуунун мазмуну жана методикасы;
- Билим берүүдөгү социалдык өнөктөштүк;
- Өндүрүштүк окутуунун формасы жана сабактын структурасы;
- Инструкциялык - технологиялык картанын функциясы жана формасы;
- Кесиптик окуу жайларда кесипке багыттоо иштерин уюштуруунун жаңыча ыкмалары жана жолдору;
- Тарбиялык иштерди пландаштыруу ж.б.
Окутуу курсунун аягында катышуучуларга РИМБдин квалификацияны жогорулаткандыгын тастыктаган сертификаты берилет.
Бөлүшүңүз