Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ДИРЕКТОРЛОРДУ ТАНДОО II АЙЛАМПА: НАРЫН ОБЛУСУНАН - 18, ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНАН – 38 ТАЛАПКЕР ТЕСТТИ ИЙГИЛИКТҮҮ ТАПШЫРДЫ

Көрүлдү: 908

Бүгүн, 30-сентябрда Ысык-Көл жана Нарын облустарынын мамлекетик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө компьютердик тестирлөөнүн II айлампасы өттү.

post.title

Ысык-Көл облусу боюнча конкурстун II айлампасына катышуу үчүн 132 талапкер документ жиберип, андан 99 адам тестирлөөгө катышуу укугун алган. 33 талапкер документтердин толук пакетин тапшырбагандыктан тестке катышуу укугу берилген жок.

Жыйынтыгында 38 талапкер босого балл же андан жогору упай топтоду. Бул катышуучулардын 41,7%ын түзөт.

Ал эми Нарын облусу боюнча тестирлөөнүн II айлампасына 76 адам документ жиберген. Анын ичинен 20 талапкер документтердин толук пакетин тапшырган эмес. Жыйынтыгында 56 адам тестке катышуу укугун алган.

Нарын мамлекеттик университетинин башкы корпусунда өткөн тестирлөөгө 50 талапкер катышып, алтоо тестке келген эмес.

Тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 18 талапкер 60 пайыздык чектен жогору упай алды. Бул катышуучулардын 64% ын түзөт.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусу боюнча 41, Нарын облусу боюнча 22 ваканттык орун бар болчу.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар