Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫРГЫЗ-АВСТРИЯ КЫЗМАТТАШТЫГЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Көрүлдү: 447

2022-жылдын 28-сентябрында Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Талантбек Бекташов Австриянын eee Austria International projects GmbH делегациясы менен билим берүү тармагындагы долбоорлорду, Австриядан каржылоо мүмкүнчүлүгү жана жеңилдетилген насыя берүү менен электрондук чечимдерди ишке ашыруу планын талкуулады.

post.title

Ошондой эле тараптар 2022-жылдын 29-сентябрында Бишкек шаарында өтө турган экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-австрия өкмөттөр аралык комиссиянын VIII отурумунун жана кыргыз-австрия бизнес-форумунун маселелерин карап чыгышты.

Жолугушууга Австриялык делегациянын курамында eee Austria International projects GmbH башкаруучу директору Стефан Дюсс (Stefan Düss) жана eee Austria International projects GmbH долбоорун иштеп чыгуучу Давид Винклер (David Winkler) катышты.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар