Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ДИРЕКТОРЛОРДУ ТАНДОО II АЙЛАМПА: ЧҮЙ ОБЛУСУНАН - 71, ТАЛАС ОБЛУСУНАН – 45 ТАЛАПКЕР ТЕСТТИ ИЙГИЛИКТҮҮ ТАПШЫРДЫ

Көрүлдү: 854

Бүгүн, 27-сентябрда Чүй жана Талас облустарынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө компьютердик тестирлөөнүн II айлампасы өттү.

post.title

Талас облусу боюнча конкурстун II айлампасына катышуу үчүн 109 талапкер документ жиберип, андан 96 адам тестирлөөгө катышуу укугун алган.

Талас мамлекеттик университетинде өткөн тестирлөөгө жалпы 93 адам катышып, 3 талапкер сынакка келген жок.

Жыйынтыгында 45 талапкер босого балл же андан жогору упай топтоду. Бул катышуучулардын 43,2%ын түзөт.

Тизме

Ал эми Чүй облусу боюнча II айлампага 180 адам документ жиберген. Анын ичинен 26 талапкер документтердин толук пакетин тапшырган эмес. Мындан улам 154 адам тестке катышуу укугуна ээ болду.

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөн компьютердик тестирлөөгө жалпы 146 адам катышып, 8 талапкер сынакка келген жок.

Тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 71 талапкер 60 пайыздык чектен жогору упай алды. Бул катышуучулардын 48,6% ын түзөт.

Белгилей кетсек, Талас облусу боюнча 46, Чүй облусу боюнча 86 ваканттык орун бар болчу.

Тизме

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар