Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ТАНДОО: ТАЛАС ЖАНА ЧҮЙ ОБЛУСТАРЫНДА ТЕСТИРЛӨӨ

Көрүлдү: 890

Эртең, 27-сентябрда, Талас жана Чүй облустарынын мамлекетик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстун экинчи айлампасынын компьютердик тестирлөөсү өткөрүлөт.

post.title
  • Талас облусу

Ваканттык орундардын саны — 46.

Компьютердик тестирлөө Талас мамлекеттик университетинде өтөт.

Бир күндө 3 нөөмөттө өтүп, ар бир нөөмөткө 46дан талапкер катышат.

  • Чүй облусу

Ваканттык орундардын саны — 86.

Компьютердик тестирлөө И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт.

Тестирлөө бир күндө 3 нөөмөттө өтөт. Биринчи, экинчи нөөмөттө 100дөн, ал эми үчүнчү нөөмөттө 58 талапкер катышат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар