Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
«БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КҮНҮН БЕЛГИЛӨӨ ЖӨНҮНДӨ» БУЙРУК ЧЫКТЫ

Көрүлдү: 1388

Өсүп келе жаткан муунду окутууда жана тарбиялоодо билим берүү кызматкерлеринин маанилүү ролун белгилөө максатында билим берүү жана илим министрлиги «Билим берүү кызматкерлеринин күнүн белгилөө жөнүндө» буйрук чыгарды.

post.title

2022-жылдын 5-октябрында Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата «Жаңы чакырыктар – жаңы бийиктиктер» урааны астында иш-чаралар өткөрүлмөкчү.

Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чаралар интернеттеги социалдык тармактар аркылуу куттуктоолор, челлендж, «Менин мугалимим» флешмобу, эмгек сиңирген ишмерлердин жеке калыптануусундагы мугалимдин ролу жөнүндө баяндамалары, «Эгер мен мугалим болсом...» темасында эссе жазуу, педагогикалык орто кесиптик жана жогорку окуу жайлардын окутуучуларын чакыруу менен жогорку класстын окуучулары менен кесиптик багыт берүүчү маек, мектеп жана мугалим жөнүндө ырлардын жана обондуу ырлардын фестивалы, концерт, театрлаштырылган спектакль түрүндө белгилөө сунуш кылынды.

Буйрукка ылайык райондук жана шаардык билим берүү органдарынын, билим берүү уюмдарынын жетекчилери төмөнкүлөрдү камсыздоого тийиш:
- иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту, санитардык нормаларды сактоо;
- майрамдык иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө каражат чогултууга тыюу салуу.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар